// //

Өтү ооругандар кандай диета кармашы керек?

2021.04.30, 10:40
2031

Саламатсызбы! Өтүм ооруп жатат. УЗИге түшсөм таш жок экен, суук тийиптир.
Кандай диета кармашым керек? Үй шартында кантип дарыласа болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.04.2021, 10:45

Айчүрөк Абиева

Терапевт

Саламатсызбы! Өтүңүзгө суук тийип ооруп жаткан болсо, тамак режимин өзгөртүңүз. Аз өлчөмдө, майда чайнап тамактансаңыз, өттүн тез-тез жана керектүү өлчөмдө бөлүнүп чыгып туруусуна шарт түзүлөт. Жыйынтыгында, өт коюланбай туура физиологиялык процесс жүрүп, оору азаят.

Тамактын температурасы да маанилүү. Өтө ысык же муздак ичүү өт баштыкчасында тырышууну пайда кылат, ооруну күчөтөт. Диета кармаганда майлуу эмес тамактарга басым жасоо туура эмес. Өттүн функциясы майды ээритип берүү. Ошондуктан, майды аз өлчөмдө колдонуу керек.

Күнүнө бир жолу гимнастика кылып туруңуз. Дарыканаларда атайын өткө арналган чөп аралашмасы бар. Аны сатып алып көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонуңуз. 

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт