Күбөсү жок чоң суммадагы карыз бергенбиз. Эми кайтара алабызбы?
2021.04.28, 15:33
1448
Саламатсызбы! Карызга көп суммадагы акча бергенбиз. Бирок документ дагы, күбө дагы. "Эртең берем", "бир айдан кийин берем" деп телефонун албай жатат. Арыз жазып сот аркылуу акчабызды кайтарып алсак болобу? Кандай жолдору бар?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.04.2021, 15:38
Айсулуу Эсенканова
Юрист
Саламатсызбы! Сотко арыз менен кайрылуу үчүн тийиштүү далилдер керек. Тилекке каршы, сизде эч кандай документ же күбө жок. Карызды кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүңүз өтө төмөн.
Карыз алган адамдан жазуу түрүндө "мынча суммадагы акча алгам" деген тил кат алыңыз. Катта качан кайтарып бере турганын так көрсөтсүн: жылы, күнү, айы. Ошонун негизинде сотко арызыңыз менен кайрылыңыз.
Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп