// //

Бир айдан бери мастурбация кыла элекмин. Бул зыян эмеспи?

2021.04.28, 10:55
2409

Саламатсызбы! Мага дагы адистен кеңеш алып бергилечи. Жашым 30да. Бир айдан бери мастурбация жасай элекмин. Бул зыян эмеспи? Сперма чыгып турбаса, ооруп каласың деп жатышат. Ушул чынбы? Кандай кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.04.2021, 11:09

Роман Дадажанов

Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги 

Саламатсызбы! Биринчиден, жашыңыз отузда экен, демек, үйлөнүп же туруктуу бир өнөктөш табышыңыз керек. Экинчиден, мастурбацияны көп кылуу оору болуп эсептелет. Ал эми жумасына бир жолу жасаса, анда зыяны деле жок деп эсептейм. Болгону, чектен чыгып кетпеш керек. Ден соолугуңузга кооптонуп жатсаңыз андрологго кайрылыңыз. Бизге келсеңиз, атайын анализдерди жазып беребиз. Жыйынтыгында кандай көйгөй бар экени билинет. 

Ден соолукта болуңуз!

Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы  @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт