Эмне себептен эркектен таптакыр сперма чыкпай калат? Андролог жооп берет
Саламатсызбы! Эмне себептен эркектен таптакыр суюктук чыкпай калат? Балалуу боло албай жүргөнүбүзгө үч жылдан ашты. Спермограмма тапшырайын десем бир тамчыдан ашык урук чыкпайт.
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Эркектен таптакыр сперма чыкпай калышынын себептери көп. Эң биринчиси - тукумсуздук болушу мүмкүн. Простата атрофиясы деген бар, суюктук иштеп чыккан жумурткалар иштебей, аягында урук чыкпай калат. Экинчиси - суюктук пайда болот, бирок жыныс мүчөдөн чыкпай, табарсык жакка кетип калат. Бул нерсени "ретроградная эякуляция" деп коет. Сиз уролог-андрологго барып текшерилип, анализ тапшырып, УЗИден өтүңүз. Ошондо себеби билинет.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.