Жолдошум "подстава" болуп беш жылга камалып кетти. Кантип мөөнөттүн азайтабыз?
Саламатсызбы! Жарым жыл мурун жолдошумду "наркотик" менен "подстава" кылып коюшту. Өзү ичпеген, чекпеген жигит эле. Беш жылга соттолуп кетти. Өзүм 5 айлык бала менен калдым. Жолдошумдун жалгыз атасы эле бар. Кантип мөөнөттүн азайтсак болот? Аябай кыйналып кеттим.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер биринчи инстанциялык сот өкүм чыгарган болсо, анда экинчи инстанциялык сотко апелляциялык даттануу менен кайрылуу керек. Жолдошуңуз кайсы берене жана бөлүк менен соттолгондугун так көрсөтсөңүз толук жооп берет элем. Тактап айтканда, ага колдонулган берене боюнча жаза мөөнөтүн азайтууга болобу же жокпу билинмек. Редакциядан менин байланыш телефонумду алыңыз же сурооңузду толуктап жазыңыз.