Бир жарым айлык баламдын ээги титирей берет. Эмнеден болушу мүмкүн?
Саламатсызбы! Балама бир жарым ай болду. Ыйласа, эмчек эмсе, уктаса же ойго жатса ээги титирейт. Төрөлгөндө көп эмес эле, азыр бат-баттан болуп жатат. Үшүп кетти го десем, үй жылуу. Эмнеден болушу мүмкүн?
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Тремор - ээктин, баштын же кол-буттун бир аз титирөөсү. Бир жашка чейинки балдарда, ошондой эле бардык эрте төрөлгөн ымыркайларда кездешет. Нерв системасынын толук калыптануусу жетишсиз болгонунан улам келип чыгат. Пайда болуу факторлору:
- кош бойлуулук учурунда стресс
- төрөт травмасы
- наристенин мойну киндиги менен байланып калганда ж.б.
Коркуп кабатыр болбой эле коюңуз. Болгону көзөмөлдөп туруңуз. Бул табигый нерсе, үч айга чейин өтүп кетет. Жуунгандан кийин же ыйлаганда бир нече мүнөт титирейт. Ымыркайдын өнүгүп, эненин курсагынын сыртындагы жашоону үйрөнүп жатканын натыйжасы.
Ден соолукта болуңуз!