Баламдын киндиги памперстин ичине кирип үзүлүп кетти. Коркунучтуу эмеспи?
2021.04.23, 11:23
890
Саламатсызбы! Баламдын киндиги памперстин ичине кирип калып үзүлүп кетти. Киндиги ириңдип шишигендей болуп чыгып калды. Коркунучтуу эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.04.2021, 17:01
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Жаңы кесилген киндикдин учуна инфекция жугузуп албоо үчүн аны таза жана кургак кармаңыз. Учу канчалык кургак болсо, ошончолук тез катат, түшөт жана айыгат. Бул үчүн баланын ичин таңбай эле койгонуңуз жакшы. Таңган күндө да, аны өтө бош кылып ороңуз.
Киндиги түшсүн деп ар нерсени сүйкөп, кармалай бербеңиз. Өзү түшөт.
Памперсти тагып жатканда анын чекесиндеги микробдор кирип кеткен болушу мүмкүн. Ириңдеп, айланасындагы териде шишик пайда болсо, тезинен дарыгерге кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп