Төрөгөнүмө төрт ай болду, бирок этек кирим келе элек. Бул коркунучтуу эмеспи?
Саламатсызбы! Төрөгөнүмө төрт ай болду, бирок, дагы деле этек кирим жок. Биринчимде 40 күндөн кийин эле келген. Табарсыгым ооруп, кызгылт түстөгү суюктук бөлүнүп чыгып жатат. Үч жыл мурда эрозиямды күйгүзгөм. Ошол кайра козголушу мүмкүнбү?
Айнур Матураимова
Гинеколог
Кутмандуу күнүңүз менен! "Лактация аменориясы" деп төрөгөндөн кийин этек кирдин кечигип же убактылуу токтоп калган абалын айтабыз. Көп учурда эмизип жаткан энелердин айызы жок жүрө бериши мүмкүн.
Биринчи төрөт менен кийинкинин айырмасы бар. Экинчисинде дагы 40 күндөн кийин келиш керек деген туура эмес. Алты ай, айрымдарында баласы бир жарым жашка чыкса дагы келбеген учурлар кездешет.
Табарсыгыңыз ооруса, дарыгерге кайрылып, УЗИден өтүңүз.
Эрозия жакшы күйгүзүлсө жана төрөткө чейин айыкса, козголуп кетүү ыктымалы өтө эле аз.
Ден соолукта болуңуз!