Сүтүм азайып кетти. Кантип көбөйтсөм болот?
Саламатсызбы! Кызыма үч ай болду. Үч-төрт күндөн бери сүтүм аябай азайып кетти. Кайра мурдагыдай болуп көбөйөбү? Эмне кылсам болот?
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Эненин организмине кирген тамак-аштын баары эмчек сүтүнө келип түшөт. Ошондуктан, бала эмизгенде туура тамактанып, пайдалуу азыктарды колдонуу керек. Кээ бир учурда жеген тамак организмге жакпай, сүт бөлүп чыгуу азайышы мүмкүн.
Бала эмген сайын сүт келе берет. Андыктан, тез-тез эмизгенге аракет кылыңыз. Күндүз 7-8, түнкүсүн 3-4 жолу эмизиңиз. Айрыкча түнкүсүн сүт көп бөлүнүп чыгат. "Сүтүм айнып калды" деп саап салган туура эмес.
Суюктук көп ичиңиз. Колдон келишинче жакшыраак тамактаныңыз. Мисалы, балык, эт, жумуртка, жаңгактын түрлөрү, жер жемиштер, гречка, кара буудай наны ж. б. Көп уктап, катуу чарчоодон же капа болуудан алыс болуңуз.
Баса, бала эмчекти сүт калбай калганча эмсе, сүт көбүрөөк бөлүнүп чыгышына шарт түзүлөт.
Ден соолукта болуңуз!