Менин бир жумурткам өйдөрөөк жайгашкан. Бул кооптуу эмеспи?
2021.04.21, 17:15
1179
Саламатсызбы! Менин бир жумурткам өйдөрөөк жайгашкан. Кичинемден бери ошондой. Бул кооптуу эмеспи? Сурасам баары норма экенин айтышат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.04.2021, 17:20
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Нормада оң жумуртка кичине өйдөрөөк, сол жумуртка ылдыйраак жайгашат. Эгер жумурткалар тартышып "паховый" каналга жакындап калса, анда көйгөй бар, текшериш керек. Баары жайында болсо, ыңгайсыздык жаратпаса, оорутпаса, коркуп кабатыр болуунун кереги жок. Урологго бир барып көрүнүп коюңуз.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп