Эки жаштагы кызыма "птоз" деген диагноз коюлду. Канча жашында операция болот?
2021.04.21, 16:35
1496
Саламатсызбы! Эки жаш тогуз айлык кызыма "птоз" деген диагноз коюшту. Канча жашында операция жасасак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.04.2021, 16:42
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Птоз - көздүн үстүңкү кабак оорусу. Жаш балдар арасында көп кездешет. Жогорку кабагы ылдый түшүп, булчуң кыймылын башкарган нервдин бузулушунан улам пайда болот. Себеби көп, айрым учурда тубаса болушу мүмкүн.
Птоз өзүнүн-өзү өтүп кетпейт, хирургиялык жол менен гана дарыланат. Үч жашка чыга элек балдарга операция жасоо сунушталбайт. Ага чейин, үстүңкү кабагын кашка жабыштыруучу гипс менен бекитип турсаңыз болот. Гипсти түн ичинде алып койгонду унутпаңыз. Бул нерсе профилактика үчүн гана жасалат, ооруну айыктырбайт.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп