Эгиз балдарыбыз чарчап калгандан кийин жолдошум таштап кетти. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен аябай оор абалда турам. Жакында ажыраштым. Бул экинчи турмушум эле. Биринчи күйөөмдөн кызым бар. Экинчи жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Алты жыл жашап балалуу боло албадык. Барбаган жерибиз калган жок. Акыры ЭКО менен эгиз төрөдүм. Тилекке каршы, бир ай өткөн соң балдарым чарчап калды. Абдан стресс болдум. Аларды эми унута баштаганда, минтип жолдошум таштап кетти. Эмне кыларымды билбей калдым. Депрессияга түшүп чыга албай жатам.
Таалай Жакыпов
Психолог
Саламатсызбы! "Мен эмне кылышым керек?" деген сурооңузга жашоонун жаңы барагын ачыңыз деп жооп бергим келет. Таза ойлор, жаңы адамдар менен каалоолордон баштаңыз. Кайра жаралганыңызды элестетип, жашооңуздун биринчи күнүн аруулукка арнаңыз. Мээңизде болуп жаткан жаман ойлордон арылыңыз, ттизмеңизден сизди жаман көргөн, ушак айткан, таштап кеткен адамдарды чийип салыңыз.
Ичиңиздеги жаман ойлордун түрмөсүнөн чыгыңыз: ажыраштым, күйөөм таштап кетти, мени эч ким сүйбөйт, эми эмне кылам ж.б. Бир сөз менен айтканда өзүңүзгө берген бааңыз өтө төмөн болсо, ички абалыңыз стресске түшүп, бошоно албай жүрө берет.
Депрессиядан каалаган күнү арыла аласыз. Каалабасаңыз өзүңүз курган түрмөдө жашап жүрө бересиз. Жыйынтыгында, бир келген өмүрүңүз текке кетет. Өзгөрүүдөн баштаңыз. Өзүңүздөн башка эч ким сизди өзгөртө албайт.
Бактылуу болуңуз!