// //

Балам эмчек эмген сайын куса берет. Бул коркунучтуу эмеспи?

2021.04.20, 12:55
2654

Саламатсызбы! Бир айлык балам. Эмчек эмген сайын кусуп жатат. Эмне себептен болушу мүмкүн?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2021, 13:10

Бактыгүл Жанкалиева

Педиатр

Саламатсызбы! Бала тамак сиңирүү органдары жакшы өнүгө элегинен жана көп эмип алгандан улам кусат. Ошондой эле, эмчекти оозуна туура эмес салып  эмгенде аба кирип кетип кустурат. Эмизгенден кийин жутулган абаны чыгарыш үчүн тик көтөрүп далысына акырын таптап коюңуз, же бир аз алдыңызга алып отуруңуз.

Бир күндө бир жолу кусса нормалдуу көрүнүш. Эгер кыйналып же тынбай куса берип арыктаса, анда ооруп жаткан болушу мүмкүн. Мисалы, кусунду сары, жашыл түстө болсо, заңы чыкпай кыйналса, ичегилеринде көйгөй бар. Тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл.

Ден соолукта болуңуз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт