Балам эмчек эмген сайын куса берет. Бул коркунучтуу эмеспи?
2021.04.20, 12:55
3428
Саламатсызбы! Бир айлык балам. Эмчек эмген сайын кусуп жатат. Эмне себептен болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2021, 13:10
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Бала тамак сиңирүү органдары жакшы өнүгө элегинен жана көп эмип алгандан улам кусат. Ошондой эле, эмчекти оозуна туура эмес салып эмгенде аба кирип кетип кустурат. Эмизгенден кийин жутулган абаны чыгарыш үчүн тик көтөрүп далысына акырын таптап коюңуз, же бир аз алдыңызга алып отуруңуз.
Бир күндө бир жолу кусса нормалдуу көрүнүш. Эгер кыйналып же тынбай куса берип арыктаса, анда ооруп жаткан болушу мүмкүн. Мисалы, кусунду сары, жашыл түстө болсо, заңы чыкпай кыйналса, ичегилеринде көйгөй бар. Тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп