Мастурбация кылганда сперманы чыгарбаш үчүн мүчөмдү кысам. Бул зыян эмеспи?
2021.04.20, 10:56
3383
Саламатсызбы! Мен мастурбация кылганда сперманы чыгарбаш үчүн мүчөмдү кысып кармап турам. Ошол кезде уругум чыкпайт, же чыкса дагы өлчөмү аз болот. Бул нерсенин зыяны жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2021, 11:02
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Биринчиден, мастурбацияны көп кылуу зыян, көз каранды болуп калышыңыз ыктымал. Экинчиден, сперманы атайын кысып токтотуу өтө кооптуу. Себеби бул учурда кан уюп калат дагы, конгестивдик простатитке (застойный) алып келет. Андыктан, мындай аракетти жасабай эле койгонуңуз оң.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп