// //

Эрозиянын күйгүзгөндөн кийин канча убакытта айыгат?

2021.04.19, 10:18
3322

Саламатсызбы! Эрозиянын күйгүзгөндөн кийин канча убакытта айыгат? Меники 25 күн болду. Аз-аздан кан келип жатат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.04.2021, 10:21

Назгуль Иманкулова 

Гинеколог

Кутмандуу күнүңүз менен! Эрозияны күйгүзгөндөн кийин калыбына келүү 40 күндөн ашпайт. Бул аралыкта кан жана суюктук бөлүнүп чыгат. 10-14 күндүн ичинде ичтин ылдый жагында жеңил-желпи сезимдер пайда болушу мүмкүн. Мындайда эч нерсе кылбай эле коюу керек. Өзү өтүп кетет.

Калыбына келип жаткан мезгилде, бир катар эрежелерди сактоо зарыл: жыныстык катнаштан баш тартуу, денени эс алуу алдыруу жана оор көтөрбөө.

Мончо, сауна, пляж жана бассейндерге баруудан баш тартыңыз. 40 күн өткөн соң кайра гинекологко барып текшерилиңиз.

Ден соолукта болуңуз! 

Гинеколог Назгуль Иманкулованы инстаграмдагы @ginekolog_imankulova_nazgul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт