Отургузулган чоң жигит канча убакыттан кийин жыныстык катнашка барса болот?
2021.04.15, 14:33
1802
Саламатсызбы! 27ге чыгып калдым. Менде бир көйгөй болуп жатат, отургузула элекмин. Азыр урологго кайрылсам болобу? Деги эле чоң жигиттерди отургузабы? Жыныстык катнашка канача ай барбай калам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.04.2021, 14:34
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатсызбы! Сүнөткө отургузганда жаш курак боюнча чектөө жок. Процедура 30 мүнөткө чейин созулат. Касаны кестирүү (крайняя плость) жыныс мүчөнүн көлөмүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Операциядан кийин дароо үйгө кете берсе болот. Эки жумага чейин өзү жууп, тазалап, таңып турат. Оор жүк көтөргөнгө жана ашыкча физикалык активдүүлүккө тыйуу салынат. Эки жумадан кийин жыныстык жашоону уланта берсе болот.
0
Пайдалуу жооп