// //

Спиралды этек кир келгенге чейин салыш керекпи? Гинеколог жооп берет

2021.04.14, 10:28
2354

Саламатсызбы! Менин беш айлык кызым бар. Этек кирим келе элек. Спиралды айыз келгенге чейин салган жакшыбы же бүткөндөн кийинби?  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.04.2021, 10:42

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Төрөгөндөн кийин (эмизип жатсаңыз дагы) этек кирдин келбей калганы кош бойлуулуктан коргобойт. Спираль салгыңыз келсе жана сизде эч кандай каршы көрсөткүч болбосо (сезгенүү, эрозия, чоң жатын), анда эртерээк койсоңуз жакшы.

Этек кирдин келишин күтпөңүз, анткени ал көпкө чейин жок болушу мүмкүн. Ошондой эле, презервативдерди колдонуп, оралдык контрацептивдерди иче баштасаңыз болот, бирок бир гана гормон (таза прогестин) менен. Өзүңүзгө туура келгенин тандоо үчүн  гинекологго кайрылыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт