// //

Төрөсөм баламдын тону оңою менен түшпөйт. Эмне себептен болушу мүмкүн?

2021.04.13, 15:31
1633

Саламатсызбы! Төрөгөндөн кийин баламдын тонунун түшүшү кыйын. Эмне себептен болушу мүмкүн? Кандай кылганда оңой түшөт? Учурда 35 жумалык боюмда бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2021, 15:34

Айнура Матураимова 

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы! Баланын тону маткага жабышып, аны менен байланышта болуп турат. Матка аркылуу эненин канынан түйүлдүккө азык-зат, кычкылтек өтөт.

Тондун түшүүсүнүн түрлөрү көп. Мисалы, баланын тону ички жатынга көбүрөөк кирип кетет. Мындай көрүнүш маткасына операция жасалгандарда, жаш курагы 35 жаштан жогору болгондордо кездешет.

Эгиз же үч-төрт эм төрөлгөн учурда матка көбүрөөк чоюлат. Ал өз ордуна келгиче моюнчасы жабылып, тонду кармап калат. Айымдардын курсагындагы булчуңдары дагы өз калыбында болбой, салмагы чоң ымыркай төрөлгөндө, тондун түшүшү созулуп кетет.

Ошон үчүн кош бойлуулукту пландоодон мурда гинекологко кайрылып, сезгенүү болсо дарылоо керек. Маткага суук тийип калуудан сактануу - тондун оңой түшүшүнө жардам берет. Боюңузга бүткөндөн кийин жеңил көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт