Күйөөм төрөтканадан берилген маалымкатты жоготуп жиберди. Кантип күбөлүк алабыз?
2021.04.13, 13:25
1263
Саламатсызбы! Күйөөм төрөт үйүнөн берилген маалымкатты жоготуп жибериптир. Эми балабызга кантип күбөлүк алабыз? Издеп таппай койдук. Кайда барсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2021, 13:27
Канышай Атакулова
Биринчи Май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси
Төрөт үйүнөн алган тактаманы жоготуп алганда кабатыр болуунун кереги жок. Кайра төрөт үйүнүн администрациясына барса, алар эмне кылуу керектигин айтышат. Мисалы, ЖААК бөлүмдөрүнөн бала каттала ала элек деген маалымкат алып келүүнү өтүнүшөт. Ошонун негизинде кайра калыбына келтирип беришет.
0
Пайдалуу жооп