Боюмда бар, грипп болуп Инсти чай ичип алдым. Зыян эмеспи?
2021.04.09, 11:11
6167
Саламатсызбы! Менин 26 жумалык боюмда бар. Грипп болуп калдым. Инсти чайдын бир пакетин ичип алдым. Эми зыяны жокпу ойлонуп отурам. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.04.2021, 11:21
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кош бойлуу кезде сасык тумоого чалдыгып калсаңыз, Инсти жана Травамакс чайын ичсеңиз болот. Бирок, дары өсүмдүктөрүнө аллергияңыз болбошу керек. Ошондой эле, көбүрөөк жылуу суу ичиңиз. Температура пайда болсо, дары жазып беребиз. Ал үчүн гинекологго кайрылышыңыз керек. Өз алдынча антибиотиктерди ичпеңиз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп