Жыныс мүчөм кычышып, ыйлаакчалар пайда болду. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин 8 айлык боюмда бар. Жыныс мүчөм кычышып, ыйлаакчалар пайда болду. Дарыгерге көрүнсөм инфекция экенин айтты. "Флуканазол" жазып берген. Аны ичкенде басылган, бирок кайра кычышып баштады. Эмне кылсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Бул герпес инфекциясы болушу мүмкүн. Ал вирустук болуп эсептелет, ошон үчүн Флуканазол жардам берген жок. Бул учурда вируска каршы маздар же спрейлер колдонулушу керек. Эгерде чыйрыгып, өзүңүздү начар сезип жана дене табыңыз көтөрүлсө, анда кошумча вируска каршы таблетка ичүү керек. Сөзсүз дарыгерге барып көрүнүңүз. Сизди текшербей туруп бир нерсе айта албайбыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.