// //

Бир жаштагы кызымдын көкүрөгүндө без бар. Канча жашында жок болот?

2021.04.08, 09:59
1272

Саламатсызбы! Кызымдын көкүрөгүнүн учу катуу без сымал. Жаңы төрөлгөндө сыкканга болбойт дешкен. Канча жашында жок болуп кетет? Зыян эмеспи?
Кызым бир жашка толду, тиши чыга элек. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2021, 10:06

Бактыгүл Жанкалиева

Педиатр

Кутмандуу күнүңүз менен! Бул нормалдуу эле көрүнүш. Эч кандай сыгуунун, дары-дармектин же хирургиялык жолдордун кереги жок. Кабатыр болбоңуз.
Кетирүүгө аракет кылып сыгып койсоңуз, көкүрөк жана колтук бездери сезгенип, жараты көпкө узап кетет. Ошондуктан, өз жайына коңуз. 

Тиштин жарылуусу кээ бир балдарда төрт айдан башталат. Ичинен жарылып, сыртына алты айдан баштап чыга баштайт. Бирок, бир жашка толсо дагы тиши чыкпаса, кооптонууга негиз бар. Балким, кальций же фосфор жетишсиз. Тукум куучулук болушу да мүмкүн.

Дарыгерге кайрылып, көзөмөлдөн өтүңүз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт