Паспорт ала элек окуучулар ЖРТ тапшыра алабы?
2021.04.07, 12:45
1223
Саламатсызбы! Паспорт ала элек окуучулар ЖРТ тапшыра алабы? Мен паспортум жок. Каттоодон өтпөй каламбы деп корком.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.04.2021, 12:46
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! 11-класстын бүтүрүүчүсү 16га чыга элек болсо, ЖРТга катталуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана мектеп директорунун колу коюлган, быйыл түшкөн сүрөтү чапталып, сүрөтүнүн четине мектептин мөөрү басылган маалымкат алып келиши керек.
Окууңузга ийгилик!
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 90-2, телефон (996) 312 66-48-38.
0
Пайдалуу жооп