Сегиз айлык кызым "ата" же "апа" деп сүйлөй элек. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы! Кызым сегиз ай болуп калды, бирок тили чыга элек. "Ата", "апа" деп дагы айтпайт. Канча айынан сүйлөй баштайт?
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Баланын тилинин кеч чыгуусу, айланасына жана тарбияланган шартына жараша болот. Улам чоңойгон сайын кыймыл-аракети күч алып, жаш курагына жараша акылына кирип, ой-жүгүртүүсү өрчүп, чөйрөгө болгон көз карашы өзгөрөт. Бул учурда тилинин чыгышына шарт түзүлбөсө, кеч өрчүп калышы толук ыктымал.
Ал эми сегиз айлык бала, айтылган сөздөрдү көзү менен издей баштайт. Мисалы, ата, апа же дагы башка нерселерди айтканда, энесин же атасын карайт.
Эгер айтылган сөзгө реакция кылбаса, кулагы укпашы мүмкүн. Бул учурда үн алышып сүйлөшө албайт.
Экинчиден тукум куучулук. Атасынын же энесинин тили эки жашка жакын чыкса, аны кайталат.
Негизи эле ар бир баланын кабыл алуусу, ойлонуусу жана сүйлөөсү ар башкача калыптанат. Болгону көзөмөлдөп туруу керек. Үч жашка чейин ата-эненин байкоосунда болушу зарыл. Эгер үчкө толгондо дагы тили чыкпаса, анда дарыгерлерге кайрылгыла.