Кинотеатр ачып бизнес кылсам арам болуп эсептелбейби?
2021.04.06, 11:49
1340
Саламатсызбы! Кинотеатр ачып бизнес кылайын деп жаттым эле. Арам жумуш эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2021, 11:52
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Кинотеатр ачып бизнес кылсаңыз болот. Бул бизнес тыюу салынган аракеттерге тиешеси жок, башкача айтканда арам эмес. Шариятыбыз уруксат берет, эгер төмөнкү шарттар аткарылса:
- Көрсөтүлө турган фильмдердин контенти талапка жооп берүүсү керек. Мисалы, зордук-зомбулук, бузукулук же тыюу салынган аракеттерге чакырык болгон тасмаларды көрсөтүүгө жол берилбейт.
- Орундар бөлүнүшү зарыл. Көрүүчүлөр ортосунда жетиштүү аралык сакталышы керек.
0
Пайдалуу жооп