// //

Атам жашап жаткан үйдү байкеси баласына каттап коюптур. Кантип алсак болот?

2021.04.06, 10:25
931

Саламатсызбы! Атам үйдүн эң кенжеси. Бирок, борбордо жашап, үй алышкан. Чоң ата-энебиз карып, "келип бизди кара" дегенден кийин, борбордогу үйдү сатып айылга барышкан. Акчасын агасына беришкен экен. Бирок, далил жок.
Айылдагы үйдү агалары салып, документти өзүнүн баласына каттатып койгон.
Атамдардын жашаганына 30 жыл болду. Чоң ата, чоң энем өтүп кетти. Үйдү кантип өзүбүзгө өткөрүп алсак болот? Негизи жер кичине баласына калыш керек да, ал үйдү ошол бир эле агасы эмес, төртөө салышкан.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2021, 10:29

Айназик Нурбаева 

Юрист

Саламатсызбы! КРнын мыйзамдары боюнча атадан калган мурас, кичүү баласына өтүш керек деген нерсе жок. Чоң атаңыз турак-жайларын мыйзамдүү түрдө документтештирип "бул балама мураска калат" деп өткөрүп берген адамда калат.

Ата-энеңиз 30 жылдан бери жашаган үй башканын атында болсо, бир нерсе кылуу мүмкүн эмес. Ортодо өз-ара келишип, өткөрүп берүүгө макулдугун берип арызын жазган кезде, сотко кайрылып, атаңыздын же өзүңүздүн атыңызга каттатып алсаңыз болот.

Акчаны алгандыгы жана бергендиги тууралуу далил же күбө жок болсо, аны тастыктоо кыйын. Эгер күбөлөр болсо, сотко кайрылып көрсүн.

Ишиңизге ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт