// //

Күйөөм экөөбүз презерватив колдонуп жатсак айрылып кетти. Эмне кылсам болот?

2021.04.05, 12:02
2287

Саламатсызбы! Менин жети айлык балам бар. Күйөөм экөөбүз ар дайым презерватив колдонот элек. Бул жолкусунда бир аз айрылып, уругу ичине түшүп калды окшойт. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.04.2021, 12:06

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Эмчек эмизип жаткан болсоңуз, анда этек кириңиздин келүүсүн күтүүгө туура келет. Келбесе боюңузда барбы же жокпу аныктоо үчүн анализ тапшырып, УЗИге түшүп көрүү керек. Эгерде бала эмизбесеңиз жана жыныстык катнаштан бери 72 сааттан ашык убакыт өтпөсө, каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн атайын таблетка ичсеңиз болот. Бирок, бул үчүн гинекологго барып кеңеш алыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт