УЗИге түшсөм "тонус матки" деди. Ичимдеги балага коркунучу жокпу?
2021.04.05, 10:01
9337
Саламатсызбы! Азыркы учурда 18 жумалык кош койлуумун. УЗИге түшсөм "тонус матки" деди. Бул жөнүндө маалымат бере аласызбы? Балага коркунучу жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.04.2021, 10:05
Назгуль Ормонкулова
Гинеколог-узист
Саламатсызбы! УЗИден "жатындын тону" деп табылуу - бул кош бойлуу аялдын боюнан түшүү коркунучу бар дегенди билдирет. Сизге толук психо-эмоционалдык тынчтык, физикалык жана сексуалдык эс алуу керек.
Алгачкы этаптарда жатын тонунун негизги белгилери: ичтин ылдый жагында оорунун пайда болуусу жана оорчулук сезимдер. Эгер ооруу күчөп же көп кан кетсе, анда ооруканада жатып дарылануу керек. Антпесе наристе үчүн кооптуу.
Каттоодо турган акушер-гинекологуңузга барып көрүнүп, кеңеш алыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп