// //

Бир кыз картасына акча котортуп алдады. Эмне кылсам болот?

2021.04.03, 10:42
1404

Саламатсызбы! Мен терминалдан бир кыздын VISA картасына акча салгам. Ал дагы мага которо турганын айткан. Ошол бойдон жоголду. Алдап кетти сыяктуу. Эми эмне кылсам болот? Акчамды кайтарып алаламынбы? Которулган акчанын чектерин сактап койгом.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2021, 10:48

Айназик Нурбаева 

Юрист

Кутмандуу күнүңүз менен! Азыр санариптешүү доорунда алдамчыларга акчасын алдырткандар көп. "Мынча сом утуп алдыңыз", "мага акча которсоңуз утушуңузду салып коём" ж.б. шылтоолорду айтышат. Же болбосо "картаңыздын кодун (номерин) айтыңыз",-дейт дагы, картада болгон акчаңызды алып коюшат.

Мындай учурда дароо милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылуу кажет. Канча өлчөмдөгү жоготууга учураганыңызды айтып каттоодон өтүшүңүз керек. Ички иштер органдары аларга тиешелүү чара көрөт. Бирок, чыгымды өндүрүп алуу үчүн сотко кайрылуу зарыл. Шектүүгө карата  толук маалыматыңыз болсо жана күнөөсү аныкталса кайтарып алса болот.

Ишиңизге ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт