17 жаштагы жээним ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү менен паспорт алалабы?
2021.04.02, 13:04
263
Саламатсызбы! Жээним быйыл 17ге чыгат. Ата-энеси Россияда. Атасы менен апасынын паспортунун копиясы менен паспорт алалабы? Алар жок үйүмө каттай аламбы? Аскердик билети кандай болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2021, 13:05
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Сөзсүз түрдө ата-энесинин паспорту керек. Андан тышкары, ата-энесинин никелешүү тууралуу күбөлүгү, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү зарыл болот. Үйүңүзгө каттасаңыз болот, эң негизгиси үй ээси өзү же анын нотариалдык макулдугу керек. Аскердик боюнча, "приписной" деген күбөлүк менен келсе болот. Кошумча суроолор боюнча 119 номери аркылуу тактап алыңыз, чалуу акысыз. Белгилей кетсек, 16 жаштан паспорт алыш керек. Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп