Мен 16 жаштамын, этек кирим келе элек, төшүм дагы жок. Коркунучтуу эмеспи?
Саламатсызбы! Менин жашым 16да, этек кирим келе элек. Буга чейин дагы келген эмес. Мен теңдүү башка кыздардын төшү чыгып, айызы келет экен. Менде андай жок. Каан келет?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Ооба, сизде жыныстык жетилүү кечигип жатыптыр. Сурооңузга караганда, эмчек бездериңиз дагы өсө элек экен. Бул белгилер тезинен адиске кайрылуу керек экенин айтып турат. Гинекологдун кабыл алуусуна апаңыз менен чогуу барууну унутпаңыз, анткени адис сизге эмес, ага көбүрөөк суроолорду берет. Ошондой эле, канчалык олуттуу экендигин аныктоо үчүн кичи жамбаштын жана гормондордун УЗИсин жасоо керек.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.