Россиянын жаранымын. Кыргызстандан ЖРТ тапшыра аламбы?
2021.04.01, 12:16
950
Саламатсызбы! Мен Кыргызстанда жашайм, окуйм. Бирок, Россиянын жаранымын. Кыргызстандан ЖРТ тапшыра аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2021, 12:19
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Албетте, болот. Ал тургай, Кыргызстанда окубаган Россия жарандары дагы жалпы республикалык тестирлөөгө катыша алат. Анткени, Россия, Казактан, Белорусия жана Тажикстан өлкөлөрү менен келишимибиз бар. Ага ылайык, бул өлкөлөрдүн жарандары ЖРТга катышып, Кыргызстандын ЖОЖдорундагы бюджеттик орундарга талапкер боло алат.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 90-2, телефон (996) 312 66-48-38.
0
Пайдалуу жооп