Үйүмдүн мурунку ээси башка документ жасатып алыптыр. Үйдү тартып алабы?
2021.03.29, 15:25
1368
2007-жылы жер сатып алгам. 2008-жылы там салып, жерге салыкты өзүмдүн атымдан төлөчүмүн. Эми үйдү өткөрүп алыйын десем макул болбой жатат. Үйдүн бардык документтери бар, бирок ал дагы өзүнө башка токтом чыгарып алыптыр. Үйүмдү алып коюшу мүмкүнбү? Сатып алгандагы кубөлөрүм бар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.03.2021, 15:29
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Ал адам менен дагы бир ирет сүйлөшүп көрүңүз. Эгерде сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе сатып алуу, сатуу келишим фактысын аныктоо боюнча сотко кайрылыңыз.
Ошондой эле, ал адам сизди алдап жүргөндүгү боюнча милицияга арыз менен кайрылсаңыз болот. Үйүңүздү алып кое албайт. Ал үчүн макулдугуңуз же соттун чечими керек.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп