Простатитти сүлүк курт менен дарыласам болобу? Уролог жооп берет
2021.03.29, 09:48
1776
Саламатсызбы! Менде өнөкөт простатит бар. Дарыгерлер жазып берген укол менен дарылар жардам бербей койду. Сүлүк курт менен кан сордуруп дарылатсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.03.2021, 09:52
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Бул ыкма жардам бербейт. Сүлүк курт простатитти айыктырат деген эч кандай факт жок, дүйнө жүзүнүн медицинасында дагы мындай изилдөөлөр жок. Жакшысы, урологго барыңыз. Бир дарыгер жазып берген дарылар жардам бербесе, башкасына көрүнүңүз. Шаарга келсеңиз, бизге кайрылыңыз. Өз алдынча ар нерсени кылуу ден соолук үчүн кооптуу экенин эске алыңыз.
0
Пайдалуу жооп