Кызымдын фамилиясы өзүмдүн атымда. Күйөөмдөн алимент өндүрө аламбы?
Саламатсызбы! Мен 2018-жылы турмушка чыгып төрөйүн дегениме аз калганда ажырашып кеткем. Себеби күйөөмдүн кол көтөрүүсү. Биринчи аялын да уруп жүрүп ажырашкан экен. Андан бир кызы бар, ага алимент төлөбөй топтолуп кетиптир. Мен кызымын фамилиясын өзүмө өткөзүп алгам. Алиментке мен дагы тапшырайын дегем. Фамилиясы өзүмдүн атымда болсо дагы төлөй береби жана канча сомдон төлөйт?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кызыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктө атасы деген графада атасынын аты-жөнү көрсөтүлгөн болсо, анда сотко алимент өндүрүү жөнүндө арыз менен кайрылсаңыз болот. Бирок, атасы көрсөтүлбөсө, анда сиз аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз менен сотко кайрыласыз. Ал эми өндүрүлүүчү алименттин суммасы ал адамдын тапкан кирешесинен же дагы башка кирешелеринен 4/1 өлчөмдө өндүрүлөт.