Боюнда бар аял цистит болуп калса эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы! Боюмда бар. Улам-улам заара кылгым келет, бирок, барсам аз эле чыгат. Мен цистит болуп калдымбы? Кечээ заара кылып бүткөндөн кийин кан тамчылап кетти. Бул коркунучтуубу?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Коркунучу бар, цистит инфекциялык оору. Инфекция тон аркылуу өтүп түйүлдүктүн өрчүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Төмөнкү белгилер болгондо милдеттүү түрдө гинекологго кайрылуу керек:
- улам-улам заара кылгың келет, бирок аз эле чыгат;
- заара кылганда ачышып, оорутат;
- зааранын курамында кан бар;
- зааранын өңү бозомтук, жыты ачуу, жагымсыз;
- дененин табы көтөрүлгөндө.
Эгер цистит 10 күндөн ашык убакытка чейин созулса, инфекция бөйрөккө өтүп, пиелонефрит оорусуна алып келет. Ал эми бул өтө кооптуу диагноз.
Кан аралыш заара кылганыңыз кооптуу симптом. Сизге элдик ыкмалар жардам бербейт. Тезирээк гинеколог, урологго көрүнүп, жолдошуңуз менен бир дарылангыла.