// //

Жаман сөздөр менен сөгүү мыйзамда кандай каралган? Юрист жооп берет

2021.03.23, 15:12
1399

Саламатсызбы! Менин сурайын дегеним, адамдын аброюна шек келтирүү, жаман сөздөр менен сөгүү мыйзамда кандай каралган? Шек келтирген тарап мыйзамдуу түрдө жоопко тартылабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2021, 15:16

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Бул көрүнүш коомдук жайда болгон болсо, анда коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуучу атайылап жасалган аракеттер карата бааланып, ага карата 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул салууга болот. Жоопко тартуу үчүн сиз арыз менен милицияга кайрылууңуз керек. Ошондой эле  жайгдай далилдеп берчү фактылар болуусу зарыл (видео тасма, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү ж.б.).

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт