Эки жаштагы баламдын ичи ката берет. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Балам эки жашта. Ичи катып жатат. Эмне кылсам болот? Иммунитети жакшы, тамак рационун дагы өзгөртүп көрдүм. Суусундук жакшы эле ичет. Эч эле жардам бербейт.
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Балаңыздын тамак рационунда керектүү клетчатка жок болуп калса, ичи катышы мүмкүн. Ошондой эле, "жалкоо ичеги " деп койгон диагноз бар, баланын ичегилери жакшы иштебей калат.
Бул учурда ичгенинин ишин тездеткен азыктарды колднуу керек: өрүк, коон, бадыраң, кызылча ж.б. Азыркы учурда коон жок болгондуктан, өрүктөн компот, кызылчадан салат же өзүн деле бышырып бериңиз.
Эгер ага дагы болбосо, анда өтүнөн болушу ыктымал. Бул учурда жүгөрүнүн чачыгын чайдын ордуна кайнатып берсеңиз болот.
Сөзсүз педиатрга алып барып текшертиңиз. Ичинде курт жокпу анализ тапшырып коюңуз, бул дагы ич катуунун бир себеби болот.
Балаңыз ден соолукта болсун!