Алимент алгандарга жөлөкпул берилбейт деген чынбы?
Саламасызбы! Менин дагы суроомо жооп берип коесузбу. Алимент алгандарга жөлөкпул берилбейт деген чынбы?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөөдө, алимент киреше катары эске алынат. Бирок, бул жерде алименттин өлчөмү маанилүү. Эгерде алиментти жалпы кирешеге кошуп, ар бир үй-бүлө мүчөсүнө бөлгөндө, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 1000 сомдон аз болгон учурда жөлөкпул берилет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.