Беш айлык кызым жөтөлүп жатат. Эмне дары берсем болот?
2021.03.16, 13:06
1445
Саламатсызбы! Беш айлык кызым жөтөлүп жатат. Эмне дары берсем болот? Сиропторду алып берсем болобу? Токтоп калабы десем жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.03.2021, 13:10
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Тилекке каршы, баланы көрбөй туруп бир нерсе айта албайм. Бир жашка чейинки балага жөтөлгө каршы дары бербеш керек. Организм вирустар менен өзү күрөшүшү керек. Бирок, сөзсүз педиатрга же пульмонологго алып барып өпкөсү менен тамагын текшертип коюңуз. Эгер тамагы кызыл болуп калса, педиатар эмне кылуу керектигин айтат. Өз алдынча эч нерсе бербеңиз.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп