Апамдын сүрөтүн уят сөздөр менен көчөгө чаптаган күйөөмдү эмне кылсак болот??
Саламатсызбы! Мен күйөөм менен мыйзамдуу ажырашканыма бир жыл болду. Ортобузда бир бала бар. Ажырашкандан кийин көрүп турганга макулдугумду берип, көрсөтүп тургам. Бир күнү баламды ойнотуп келерин айтып алып качты. Үч күндөн кийин милициялар менне баламды алдым. Ажырашканыбыздын себеби анын ичкилиги болду. Ажырашкандан баштап менин апамды күнөөлөп келет. Апам ага арак берип жатса бир жөн. Кечээ көчөлөргө апамдын сүрөттөрүн жаман сөздөр менен чыгарып чаптап кетиптир. Милицияга арыз жазсак эч кандай жыйынтык жок, карабай коюшту. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Күйөөңүздүн бул жоругу туура эмес. Эгер укук коргоо органдарына болгон кайрылууңуздан тийиштүү жыйынтык алалбасаңыз, сотко кайрылсаңыз болот. Тактап айтканда, моралдык зыян келди деп эсептеп, анын ордун толуктоо үчүн сотко доо арыз менен кайрыласыз.