Ич кийимге кам көрүү эрежелери. Гинеколог айтып берет
2019.01.21, 10:07
4745
Ич кийимге кам көрүү жөнүндө гинеколог Гүлзина Мадраимова айтып берет.
Эч качан бирөөнүн ич кийимин кийбе, өзүңдүкүн да эч кимге бербе!
- Жаңы сатып алган ич кийимди сөзсүз жууп кий. Дезинфекциялоо үчүн ашкана уксусунан кичине куюп, 5 мүнөткө чылап кой.
- Турсаны күн сайын, бюстгальтерди эки күндө бир жуу.
- Ич кийимди кир баштыкчасына ыргытып коюп, эртеси же бир-эки күндөн кийин жууган болбойт. Кир болуп жата берсе микробдор көбөйүп, сиңип калат.
- Ич кийимдерди жуугандан кийин жакшылап чайка. Кир жуучу каражат калып калса, аллергияны козгошу мүмкүн.
- Чашкасы бар бюстгальтерди сыкпа.
- Ич кийимди башка кирге аралаштырбай өзүнчө жуу.
- Синтетика ич кийим кийбе. Алар аба өткөрбөгөнү аз келгенсип, аллергияны пайда кылып, инфекцияларды көбөйтүп, жыныс мүчөнү кычыштырат.
- Турса, байпак жана колготкини күн сайын алмаштыр.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.