Жыныстык катнашка бара элекмин, тез-тез заара кылам. Простатит болуп калдымбы?
Саламатсызбы! Мен 20 жаштагы жигитмин. Ушул убакка чейин бир кыз менен болгон эмесмин, тактап айтканда, жыныстык катнашка бара элекмин. Илимдүү, түшүнүктүү эле баламын. Простатит болуп калдымбы билбейм, тез-тез заара кылып, сперма кошулуп чыккандай болуп жатат. Кантип үй шартында дарылансам болот? Көнүгүү жасап сакайтса болобу?
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Простатит деп так диагноз коюу үчүн сизди текшеришибиз керек. Көрбөй туруп эч нерсе айта албайбыз. Бат-бат заара кылып жатканыңыздын себеби көп. Үйдө дарылансаңыз болот, алгач урологго көрүнүп, дары жаздырып алышыңыз керек. Ошол дарыны убагында ичсеңиз сакайып кетесиз. Бул жерде бир гана көнүгүү жасоо жетишсиз. Убакытты созбой, тезинен урологго барып, анализ тапшырыңыз.
Ден соолукта болуңуз!