Эмне үчүн Россияга келсем балдарымдын жөлөкпулун токтотуп коюшту?
Саламатсызбы! Мен өзүм Россияда эмгектенем. Эки уулум бар. Аларга жөлөкпул чыгарып келгем. Кайын энем карап калган. Эми ата-энеси бул жерде эмес экен деп токтотуп коюптур. Бул кылгандары туурабы?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Балдарыңызга чектелген жөлөкпулду токтотуп салгандарына негиз бар. Анткени, жөлөкпулду алып жаткан убакта балдарыңыз менен чогуу жашашыңыз керек. Эгер бир жакка кете турган болсоңуз, балдарыңызды мыйзамдуу түрдө бирөөгө дайындооңуз зарыл. Демек, сиз Россияга жөнөп жатканда кайын энеңизге опекундук өткөргөн эмессиз. Ошон үчүн социалдык башкармалыктар жөлөкпулду токтотушту. Россиядан келип сот аркылуу опекундук дайындап беришиңиз керек.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.