Күйөөм экөөбүз дарыланып жатып кошулуп койдук. Боюма бүтсө балага зыян эмеспи?
Саламатсызбы! Мен 20 жаштамын. Төрт ай мурун күйөөгө тийгем. Боюман бир ай болгондо түшүп калган. Гинекологго текшерилсем вирус бар экен деп бир топ дары жазып берген. Бул дарыларды күйөөм экөобүз бир жума ичтип дарыландык. Анан кошулуп койдук. Боюмда болуп калса балага зыян болбойбу? Алдырышым керекпи? Мурун төрөгөн эмесмин.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Эгерде дарылануу курсу аяктаса жана инфекцияларга, анын ичинде вирустук инфекцияларга контролдук текшерүү жүргүзүлсө, анда кош бойлуулукту пландаштырса болот. Ал эми бойдон алдыруу же төрөө бул ар кимдин жеке чечими.
Кош бойлуулукту кааласаңыз, анда албетте, эң негизгиси ага алдын-ала толук даярдануу керек. Эгерде кош бойлуулукту токтоткуңуз келсе же күмөн саноолоруңуз болсо, анда бүгүнкү күндө аны токтотуунун коопсуз ыкмалары бар, аларды колдонуу ден-соолукка аз коркунуч туудурат. Бирок, сөзсүз дарыгердин көзөмөлү астында гана жүргүзүлүшү керек.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.