// //

Жигитим жабырлануучуга 500 миң бербесе камалып кетчүдөй. Эмне кылса болот?

2021.03.11, 16:50
1181

Юристтен кеңеш алып бере аласызбы. Чынында кыйналып кеттим. Эмне кылсам экен деп жатам. Менин жигитим 5-6 ай мурун бир бала менен мушташып, ал баланы катуу сабап салган. Соттошуп жүрдү, бирок, ал иш кайра жабылган. Жабырлануучу тарапка бир миллион сом төлөгөн. Бирок, баласы кайра ооруп калыптыр. 500 000 талап кылып жатышкан экен. Бул кылгандары туурабы? Эмне кылуу керек? Сураган акчаларын бербесе камалып кетерин айтышты. Ошондо жигитим камалып кеттеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.03.2021, 17:06

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Жогорудагы иш боюнча тынышуу келишимин жабырлануучу менен түзүп, ага келтирилген зыяндын ордун толуктап берген болсоңор жана бул жөнүндө соттун актысы кабыл алынып иш аяктаган болсо, анда кайрадан акча суроосу туура эмес. Сотторго мага дагы акча берсин деп кайрылуусу мыйзамдуу көрүнүш эмес. Эгерде кайрылса, өзүнүн мындай жүйөөсүн негиздеп берүүсү керек. Бул жооп жалпысынан айтканда, бирок иштин жагдайын карап чыгып толук жооп берүүгө болот. Анткени коюлган айып кайсы кылмыш үчүн коюлган, зыян канча сомго бааланган ж.б бул жагдайларды тактоо керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт