Жигитим менен кошулгандан кийин этек кирим келди. Боюма бүткөн жокпу?
Саламатсызбы! 24 жаштамын, жигитим менен жыныстык катнашка бардым, канап кетти. Бирок эртеси эле этек кирим келди. Бойго бүтүп калуу коркунучу жокпу? Спермасын түшүргөн эмес.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Эгер жыныстык катнаш этек кириңиз келерден бир күн мурун болсо жана өзүңүз айткандай үзгүлтүккө учураса (спермасын сыртка түшүрүү), анда боюңузга бүтүп калуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн. Каалабаган кош бойлуулукка жана жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекцияларга каршы натыйжалуу каражаттарды колдонууга аракет кылыңыз, мисалы, презерватив. Тилекке каршы, үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш жана айыздык календарды колдонуу ишенимдүү каражат боло албайт. Гинекологго келип текшерүүдөн өтүңүз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.