17 жаштамын, жыныс мүчөм кыйшык экенин байкадым. Түздөсө болобу?
2021.03.09, 13:53
2101
Саламатсызбы! Мен 17 жаштамын. Жыныс мүчөм кыйшык экенин жакында эле байкадым. Кабатыр болуп, уктай албай калдым. Кийин зыяны тийбейби жана түздөсө болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2021, 13:55
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Жыныс мүчөдө байламталар болот, ар кимдики ар кандай дегендей. Байламталары кыска болуп төрөлгөндөрдүн жыныс мүчөсү кыйшыйып өйдө карап турат. Ал эми узунураак болуп төрөлгөндөрдүн жыныс мүчөсү түз. Эгер оорутпаса эч кандай көйгөй жок. Кыйшык жыныс мүчө менен деле жакшынакай эле жыныстык катнашка барса болот. Кааласаңыз урологго барып бир текшерилип коюңуз. Ошондо түздөсө болобу же жокпу билинет.
0
Пайдалуу жооп