Күйөөмдү жабырлануучу тосмо арыз жазса дагы бошотпой жатышат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Кимге барып, кимден кеңеш алып жардам сурарымды билбей калдым. Баары эле акча талап кылышат. Кээ бирлери абалыбыздан пайданалып иштетип акчасын бербей коюшту. Өзүм төрт бала менен үйдө отурам, иштейин десем балдарым жаш. Жолдошумду тосмо арызы бар болсо дагы соттон бошотпой жатышат.Тосмо арыз жазган адам болсо сотко келип бергенден баш тартып жатат. "Тынчымды албагыла, тосмо арыз жазып бердим, болду дагы бир жолу келсеңер үстүңөрдөн арыз жазам",- деп ал коркутат. Соттогулар болсо түшүнбөйт. Биз ошондо кимге кайрылсак болот? Күйөөмдү 202-берене менен кармашкан болчу. Жабырлануучу сак-саламат иштеп жүрөт. Кетирген чыгымдарды жабырлануучунун каалоосундай кылып баарын төлөгөнбүз. Анан тосмо арыз жазган эле.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Тосмо арыздын негизинде жазык жоопкерчилигинен бошотулуучу иштер бар. Ошондуктан толук жооп берүү үчүн иштин жагдайын билүү керек. Ал эми 202-берене менен кармашкан деп айтканыңызга караганда, жолдошуңуз "Каракчылык" беренеси менен кармалган экен. Эгерде бул берененин биринчи бөлүгү менен иш козголгон болсо, анда тосмо арыздын негизинде жоопкерчиликтен бошотууга болот. Бирок, экинчи бөлүгү менен болгон болсо, анда тосмо арыздын негизинде жоопкерчиликтен бошотулбайт.